• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кубанычбек Кулматовго “Коррупция” беренеси менен иш козголду

21 Бугу 2018 9:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21. 05. 2018. Govori.TV
Мурдагы мэр, Улуттук банктын экс-төрагасы, бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовго “коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчылыгы тастыктады.
Анда белгилүү болгондой,  УКМКНын Башкы Иликтөө Башкармалыгы тарабынан шаар башчысына учурда айыбы угузулуп, КР КЖКсынын 303-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү иштери башталган.
“2014-жылы, ал ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри болуп турган маалда Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун алкагында кытайлык ТБЕА компаниясы тарабынан мектеп курууга бөлүнгөн 2 млн. доллар гранттык каражат мыйзамсыз колдонулганы аныкталды”,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, эки үн мурун атайын кызмат тарабынан анын-үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн эле.
Количество просмотров: 13