• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кубат Оторбаев, Акыйкатчы: “Карганбек Самаков акталышы керек!”

30 Бугу 2018 10:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.05. 2018. Govori.TV

“Коомдук ишмер Карганбек Самаковдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинде аанын кылмышы далиденбегендиктен, ал акталышы керек!”. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековго, Жогорку соттун төрайымы А.Токбаевага жана Башкы прокурор Ө.Жамшитовго экс-депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча кайрылуусунда айтат.

“3 жылга созулган соттук териштирүүлөр, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана тергөөнүн материалдары айкындагандай, ошондой эле, сотко катышууларыбыздын негизинде жасалган анализден улам Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иши негизсиз болгону, анын күнөөсүнүн жоктугу далилденди. Бул бир нече четке каккыс фактылар менен бекемделди”,-деген Акыйкатчы бул кылмыш иши боюнча мониторинг жүргүзүп, аны актоо боюнча алты олуттуу себеп тапканын жана тергөөнүн жыйынтыгындагы бир канча дал келбестиктерди айтат.

“ Ушул айтылгандардын негизинде, жогорудагы фактыларды жетекчиликке алып айтканда Карганбек Самаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иши жасалма экендиги, анын айыбы жоктугу далилденип отурат. К.Самаковдун тарапташтары, өзү дагы анын ишин Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы М.Арабаев көзөмөлгө алып, К.Самаковду эптеп эле соттоп жиберүүгө кызыкдар болгону ачык билинип калды. Мындай жерде каяктан анан мыйзамдуулук, адам укугу, объективдүүлүк, калыстык болсун?”,-деп таң калганын жашырбайт Акыйкатчы.

Эске сала кетсек, учурда Бишкек шаардык сотунда анын кылмыш иши кароодо турат.

Количество просмотров: 16