Кубат Оторбаев, Акыйкатчы: “Прокуратура-адам укугун коргоочу эмес, жазалап-күнөөлөөчү органга айланды!”
Кубат Оторбаев, Акыйкатчы: “Прокуратура-адам укугун коргоочу эмес, жазалап-күнөөлөөчү органга айланды!”
13 Бирдин айы 2018 10:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.02. 2018. Govori.TV
«КРнын Укуктук-Нормативдик Актысы боюнча прокуратура адам укугу жана жарандардын укуктарынын сакталышын коргоочу орган экенин жазылып турганы менен иш жүзүндө прокуратура жазалоочу-күнөөлөөчү органына айланды». Бул сөздү маалымат каражаттарынын бирине КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев айтты.
“Бизге белгилүү болгондой, УКМКнын жана ИИМдин айрым кызматкерлери кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланат жана мыйзамсыз аракеттерди жасап-баңги заттарды же башка тыйуу салынган предметтерди, адабияттарды жарандардын жанына сала коюп, тагдырларын талкалашат”,-дейт ал.
Анын айтымында, мындай аракеттерге баргандар мындайда эң башкысы факты бар деп ойлошот жана анын чын-бышыгын тактап, акыйкат чечим чыгаруучу прокуратура менен сот органдары болсо, адам тагдырын сактап калууга аракет жасабайт. “Мен өзүм сот процесстерине мониторинг жасайм жана бир канча жолу соттордун өздөрү тарабынан соттук териштирүүлөрдүн принциптери одоно бузулганына күбөмүн. Соттук отурумдарда ачык-айкындык, мыйзамдардын так сакталышы, акыйкат чечим чыгаруу, сот отурумдарынын толук кандуу өтүшү көп учурда сакталбайт”,-дейт ал.
Жаманбаева психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат. …