• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кулак-мурду кесилген Аселдин жолдошун өмүр бою абакка кесүү боюнча кол топтолууда

5 Үчтүн айы 202413:28 Бишкек Govori.TV

Асел Ногойбаева анын кулак-мурдун кескен мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесовду өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылат. Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен билдирди.

Маалым болгондой, Асел Ногойбаеванын үй-бүлөсү Азамат Эстебесовду өмүр бою түрмөдө кармоо үчүн кол топтоодо.

Келин кылмышка шектүүнүн коом үчүн кооптуу экенин айтып, анын өзгөрөрүнөн күмөн санайт.

20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Количество просмотров: 517