• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Биринчи айым Жапарова бычакталган Аселден кабар алды

8 Жетинин айы 2023 9:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталып, бети-башы кескиленген Асел Ногойбаевадан кабар алды. Бул тууралуу биринчи айымдын социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланды.

«Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек. Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асел кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен. Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!», — деп жазды биринчи айым.

Эске салсак, 20-сентябрда Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы келин бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Шектүү катары 39 жаштагы мурдагы жолдошу «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча козголгон иштин алкагында камакка алынган. Келиндин кулак-мурду кесилгени маалымдалган. Ага сегиз сааттык операция жасалган.

Количество просмотров: 767