• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кулябда жүк унаасы кырсыкка учурап, 14 киши каза болду

7 Баш оона 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Куляб шаарында тормозу иштебей калган жүк унаасы бир нече жеңил машинени сүзүп, эки турак үйдү зыянга учуратты. Жыйынтыгында бери дегенде эле 14 киши каза болгону кабарланууда.

Кырсык жекшемби күнү кечинде шаардагы «Сомони» базарына жакын жерде болгон. Тажикстандын Ички иштер министрлиги кырсыкка жүк унаасынын тормозу иштебей калганы себеп болгонун билдирди. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул окуя боюнча тергөө иштерин баштады.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы кырсыкта каза болгондор мындан да көп болушу мүмкүн экенин, анткени айрым жабырлануучулар талкаланган автоунаалар менен үйлөрдөн чыгарыла электигин билдирди.

«Өлүкканага 10 кишинин сөөгүн алып келдик. Жаракат алган дагы төрт киши ооруканага бараткан жолдо каза болду. Азырынча өлгөндөрдүн саны боюнча так маалыматтар жок», – деди шаардык тез жардам кызматынын өкүлү.

Күбөлөрдүн айтымында, жүк ташыган фура Шамсиддин Шохин району тараптагы эңкейиштен катуу ылдамдык менен келип, бир нече унаага жана үйлөргө сүзүлгөн.

Адатта жүк унааларынын айдоочулары Кулябдагы «Сомони» базарын көздөй саатына 20 чакырым ылдамдык менен айдашат. Буга чейин бийлик өкүлдөрү фуралар узак убакыт эңкейиште келгендиктен, айрымдарынын тормозу кармабай, кырсыктарга кабылган учурлар да болгонун билдиришкен.

Количество просмотров: 223