• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Кулябдагы жол кырсыгы 7 адамдын өмүрүн алды

3 Теке 2024 13:53 Бишкек Govori.TV

27-июнь күнү кечинде Куляб шаарынан чыга бериште жол кырсыгы катталып, 7 адам өмүр менен коштошкон, дагы төртөө ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Бул тууралуу эми гана белгилүү болду.

Расмий маалыматка караганда, 27 жаштагы Бобожон Зоиров Куляб шаарынан Муминабад районун көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан. Унаанын башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып, башка унаа менен кагышкан.

Каза болгондор 5 жаштан 38 жашка чейинкилер, анын ичинде жаш келин жана анын үч баласы бар.

Куляб облустук ооруканасынан “Озоди” радиосуна билдиришкендей, ооруканага жаткырылган үч адамдын абалы оор жана алар реанимацияда.

Укук коргоо органдары жол кырсыгынын себебин тактап жатышат.

Хатлон облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, жарым жылда облуста 122 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 67 адам каза болуп, дагы 134ү ар кандай жаракаттарды алган.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 124