• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кумтөрдө жоголгондорду издөө иштери токтоп, аларга жаназа түшүрүлмөй болду

10 Үчтүн айы 2020 11:55 Бишкек Govori.TV

Кумтөр алтын кениндеги жер көчкүдөн улам дайынсыз болуп жаткан эки жумушчуну издөө иштери токтотулду. Маркумдардын туугандары менен макулдашылып, аларга жаназа түшүрүлмөй болду.

Маалым болгондой, тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевдун кырсык кесепетинде дайынсыз болуп жатканына бүгүн 40 күн болду.

2019-жылдын 1-декабрь күнү эрте менен 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо-кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка чыгуу тууралуу сигнал берилген.

Бирок тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде алар жок болуп чыккан жана рацияга да жооп берген эмес.

Кырк күнгө созулган издөө иштерине жүздөгөн куткаруучулар, атайын техникалар тартылып, бирок жыйынтык берген жок.

Количество просмотров: 48