• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ташиев Динара Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптады

20 Теке 2023 12:54 Бишкек Govori.TV

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «коррупцияга» аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбасын эскертти. Буга байланыштуу мурдагы экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы мисал кылды жана аны Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптады.

«Мамлекеттин бюджетине кол салган аткаминер жазасыз калбайт. Иштен кеткен болсоң дагы артыңдан кууп барып жазалайбыз. Бир эле мисалды айтайын. Мына, кечээ эле араңарда отурган, министр болгон Кутманова деген эжекебиз эсиңерде болсо керек. Кумтөрдөн Жаратылышты коргоо фондуна жылына дээрлик 4 миллион доллар бөлүнүп турган. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Ал жерде 110дон ашык долбоор иштетилген, бирок бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон натыйжа жок. Ал жерге (Кутманова -ред) жалаң баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, баарын аралаштырып алган. Ошонун баары азыр, ал иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Бирок биз буга чейин иштеп жатканбыз, ушунун негизинде жазасын алышат», — деди Ташиев.

Динара Кутманова бул дооматтарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 209