• Дүйшөмбү 27 Бугу 2024
  • Понедельник 27 Май 2024

Кумтөрдө оор жүк ташуучу техниканын 35 жаштагы айдоочусу каза болду

28 Тогуздун айы 2023 20:13 Бишкек Govori.TV

Кумтөр кенинде оор жүк ташуучу техниканын 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан билдиришти.

Билдирүүдө кырсыктын чоо-жайы тууралуу эч нерсе айтылган эмес, бирок учурда адам өлүмүнө алып келген окуянын себептери иликтенип жаткандыгы айтылат.

««Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги жана эмгек жамааты каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Кызматкердин үй-бүлөсүнө тийиштүү көмөк көрсөтүлүп, материалдык жардам берилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Компаниядан кырсыктын себептери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.

Количество просмотров: 851