• Бейшемби 30 Кулжа 2022
  • Четверг 30 Июнь 2022

Кумтөргө 500 долларга экскурсияга барууга болот

23 июня 2022 в 13:47 Бишкек Govori.TV

Кумтөр алтын кенине экскурсия уюштурулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, фонд бүгүн “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги менен келишимге кол коет.

“Каалагандар экскурсияга жазылып, кенди өз көзү менен көрө алышат”, — деди ал.

Калашникова кошумчалагандай, экскурсиянын баасы болжол менен 500 долларды түзөт.

Количество просмотров: 51