• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кумтөргө барып келген депутаттар эмне дейт?

20 Чын куран 2022 16:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин депутаттары Кумтөр кенине 19-апрелде барып келди.

Депутат Алишер Козуевдин айтымында, алар кен казылган жерди, уу калдыктарды сактоочу жайды жана алтын өндүрүүчү комбинатты кыдырган.

“Барганыбыздын башкы максаты Кумтөр менен кененирээк таанышуу. «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин башкармалыгынын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүктүн кен жөнүндөгү пландары кайсы бир деңгээлде мени ынандырды. Ал эми Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтын кайсы мамлекеттерге сатылып жатканын сураган жокмун, ал киши өзү деле маалымат берген жок. Менин жеке пикирим боюнча, өзүбүз өндүргөн товар эч кандай сыр болбошу керек»,-деди депутат.

Количество просмотров: 235