• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Купешев Болотбек Душекович

Билим берүү жана илим министри

Купешев Болотбек Душекович 1959-жылдын 25-октябрында Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Соколовка айылында туулган.
Жогорку билимдүү, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап орус тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:

  • 1976 — 1978 — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы совхозунда иштеген (ар кандай жумуштар);
  • 1978 — 1980 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1980 — 1986 — СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда окуган;
  • 1986 – 1989 — Кыргызстан Ленинчил коммунисттик жаштар союзунун Фрунзе шаардык комитетинин бөлүм башчысы;
  • 1989 – 1991 — Фрунзе шаарынын № 69 орто мектебинин директорунун орун басары;
  • 1996 – 2002 — Бишкек шаарынын № 69 мектеп-гимназиясынын директору;
  • 2002 – 2004 — Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин директору;
  • 2004 – 2005 — Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
  • 2005 – 2007 — Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык резерв мектебинин инструктор-методисти;
  • 2007 – 2008 — Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;
  • 2008 – 2009 — Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;
  • 2009 – 2010 — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
  • 2021-жылдын май айына чейин өлкөнүн Соода — өнөр жай палатасынын Түндүк региондору департаментинин жетекчиси;
  • 2021-жылдын 5-майынан тарта Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри.
Количество просмотров: 44