Окуя 26-ноябрда Воронцовканын Таш-Дөбө айылындагы ооруканада болгон. 33 жаштагы дарыгер милицияга кайрылып, башкы медайым уулу менен аны сөгүп-сагып, кол көтөргөнүн айткан. 57 жаштагы медайым дагы арыз жазып, дарыгер аны сөгүп, урганын билдирген.
Бул тууралуу Көз карандысыз медициналык кесиптик бирликтин жетекчиси жана медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова өзүнүн Facebook баракчасына жазган. Ал окуяны «триллер» деп атаган.
Анын айтымында, дарыгерлер милицияга, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышкан, ошондон улам ички иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн.
Жыйынтыгында экспертизалар дайындалып, кызматтык иликтөөнүн алкагында экөө тең кызматтан четтетилди.