• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Курсан Асанов менен журналисттин иши Башкы прокуратурага өткөрүлдү

3 Бирдин айы 2020 14:13 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши башкы прокуратурага өттү. Бул тууралуу Govori.TVга анын жактоочусу билдирди.

Анын айтымында иш жакында сотко берилет.

«Аскер прокуратурасы ишти тергеп бүтүп анын Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Алар карап чыккан соң иш сотко өтөт. Мындан тышкары «Чындык» сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбековдун да иши чогуу өткөрүлүп жатат. Экөөнүкү тең вице-премьер Жеңиш Разаковдун жазган арызынын негизинде козголгон иш болуп жатат», — деди жактоочу.

Эске салсак, журналист суракка чакыртылып, андан соң үй камагына алынган болчу. Жактоочунун айтымында ал эки берене менен суралып жатат.

«Курсан Асановго байланыштуу 320-берене («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыштын катышуучусу катары өтүп жатат. Ал 344-берене менен да суралып жатат. Экинчи берененин мааниси «Кайсы бир аткаминер жөнүндө чындыкка дал келбеген маалымат таратуу» деп чечмеленет», — деп билдирген жактоочу.

Количество просмотров: 79