Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумдан айыпталуучулардын бири Курсан Асанов чыгарылды.
Соттук отурум убагында прокурорлор сотту кайрадан жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирген.
Ал эми Асанов буга каршы чыгып, жараянды ачык өткөрүүнү талап кылган. Ишти карап жаткан судья Асановду сөздү укпай тартипти бузду деген негизде аны сот залынан чыгарды.
Ал эми жабык кароо боюнча сунушту Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдоду.
Жыйынтыгында судья ишти жабык кароо чечимин кабыл алды.