• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Курсан Асановдун жүрөгү кармап, улам-улам тез жардам чакыртылууда

26 Баш оона 201915:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.

ИИМ министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун жүрөгү кармап, улам-улам тез жардам чакыртылып жатат. Бул тууралуу Govori.TVга дарыгерлер кабарлашты.

Дарыгерлердин айтымында, Курсан Асанов инфаркт болуу коркунучу бар. Андыктан ага тез жардам чакыртылып, ден-соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан» деген негизде 9-августта иштен алынган.

Количество просмотров: 234