Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
ИИМ министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун жүрөгү кармап, улам-улам тез жардам чакыртылып жатат. Бул тууралуу Govori.TVга дарыгерлер кабарлашты.
Дарыгерлердин айтымында, Курсан Асанов инфаркт болуу коркунучу бар. Андыктан ага тез жардам чакыртылып, ден-соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Эске салсак, Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.
Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан» деген негизде 9-августта иштен алынган.