Жогорку Кеңештин тармактык комитет жыйынында депутаттар Медербек Алиев менен Улукбек Карыбек уулунун ортосунда пикир келишпестик орун алды.
Бүгүн Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи ЖК депутаты Медербек Алиев болчу.
Талкууда депутат Улукбек Карыбек уулу мыйзамдын авторуна суроо узатып, натыйжада экөөнүн ортосунда уруш чыкты.