Ош шаарындагы жөө адамдар өтүүчү асма көпүрөнүн бир бөлүгүнүн урап калышынан улам комиссия түзүлдү. Бул туурасында Архитектура, курулуш, турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.
Ал билдиргендей, президенттин тапшырмасы менен ыкчам түрдө Ош шаарына барды.
«Ош шаарында курулуп жаткан көпүрөнүн сапатын жана курулуш процессинде кетирилген каталарын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Мамкурулуш тарабынын кылдаттык менен аталган окуя боюнча териштирүүлөр жүргүзүлөт», — дейт Жыпаркулов.