Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн курулуш компанияларына айып пул салынды. Мыйзам бузуу фактылары боюнча муниципалдык инспекция тарабынан протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Санитардык талаптарды «Глобус строй» жана «Кап строй Групп» курулуш компаниялары бузган. Эки компанияга тең Укук бузуулар кодексинин 114-беренеси боюнча 13 000 сомдон айып пул салынган.
«Аалам Строй» курулуш компаниясына болсо 115-берененин 2-бөлүгү жана 177-берененин 1-бөлүгү боюнча дароо эки протокол жазылган. Курулуш таштандыларын ыргытып жиберүү (бетон аралашмасы жана жол курулмаларын бузгандыгы) үчүн 40 000 сом айып пул төлөйт.
Оңдоо, өндүрүш иштерин уруксат берүүчү документтерисиз жүргүзгөндүгү жана курулуш материалдарын кампага топтогондугу үчүн, «Ала-Тоо Партнер Строй» курулуш ишканасы Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү жана 178-бөлүгүнүн 3-бөлүгү менен жазаланган.