• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Курулуш компанияга алданып калган жарандар митингге чыкты

18 Бирдин айы 2022 11:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-февралда “Архстрой” компаниясынан батир алган жарандар өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Анда алар көп кабат үйдү бүтүрүүнү убада кылган компанияга алданып калышканын айтышты.

Акциянын катышуучусу Данияр Дүйшөналиев аталган компаниядан 3 бөлмөлүү батир алуу үчүн 82 миң АКШ долларын алдын ала төлөгөн.

«10 кабат үйдүн курулуш иштери 2013-жылы башталган. Келишим боюнча турак жай 2016-жылы бүтмөк. Дээрлик 9 жылдан бери 100 кишинин үйү курулуп бүтө элек. Ал эми “Архстройдун” директору Курманбек Мамбетов камалып чыкты. Анын иши Октябрь райондук сотунда каралган. Бүгүнкү күндө ар кайсы шылтоонун айтып, курулуш бүпөй келет»,-деди Дүйшөналиев.

Ал эми Жыпара Токушева курулуш компанияга каражат төлөп, 4 батир алганын айтат.

«Бир тууган эжем 2 бөлмөлүү, келиним 1 бөлмөлүү, өзүм бир бөлмөлүү батир алып, 100 пайыз акчасын төлөгөм. 9 жылдан бери дубалы көтөрүлүп, чатыры гана жабылды. Биздин маселе боюнча Башкы прокуратурага, Коопсуздук кеңешине кайрылуу жолдогонбуз. Эч кандай майнап чыккан жок. Өкмөт көзөмөлгө алсын деген талап менен келдик»,-деди ал.

Количество просмотров: 615