Ош шаарында мыйзам талаптарын бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокат районунун борбордук бөлүгүндө курулуп жаткан соода борбордун курулушуна пландан тышкары текшерүү жүргөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары аныкталып, жазма буйрук берилди. Ошондой эле КР Укук бузуулар кодексине ылайык, 200 миң сом айып салынды. Мындан ары мыйзам чегинде тийешелүү иш аракеттер уланат.