• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Куткаруучулар буту сынган аялды тоодон түшүрүштү

3 Чын куран 202316:45 Бишкек Govori.TV

Куткаруучулар буту сынган аялды тоодон түшүрүштү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-мартта Аламүдүн районуна караштуу Байгелди айылына жакын тоого жолдошу менен эс алганы барган 49 жаштагы М.А. аттуу аял бутун сындырып алган. Жаранга жардам көрсөтүү үчүн жерине Аламүдүн райондук ӨК бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тартылган.

Адистер куткаруу шаймандарынын жардамы менен жабыркаган аялды тоодон алып түшүп, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы туруктуу.

Количество просмотров: 202