• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркияга кеткен куткаруучулар эртең Бишкекке кайтып келишет

20 Бирдин айы 202313:17 Бишкек Govori.TV

Эртең, 21-февралда Түркияга кеткен куткаруучулар Бишкекке кайтып келишет. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн очогу – Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эртең, 21-февралда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:35да жана таңкы 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.

Кырсык катталган аймакта 24 саат иштеп, түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, аларга жардам берген куткаруучуларыбызды тосуп алуу иш-чарасы уюштурулат.

Количество просмотров: 550