Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри
Туулган жылы: 1961-жыл 31- октябрь, Тогуз-Тороо району, Казарман айылы. Билими: Жогорку, Москвадагы Д.И.Менделеев атындагы химиялык-технологиялык институтун 1983-жылы бүтүргөн, адистиги инженер- технолог; Кыргыз мамлекеттик юридикалык Академиясын 2010-жылы бүтүргөн, адистиги юриспруденция. Эмгек жолу:
1983 – 1990-жж. — Фрунзедеги айнек заводу, мастер, инженер;
1984-1987-жж. Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеӊешинин ХIХ чакырылышынын депутаты;
1990 – 1992-жж. Кыргызстан Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча Мамлекеттик комитети, Экологиялык илимий -маалыматтык эсептөө Борбору, атмосфералык аба лабораториясынын башчысы;
1992 – 1996 -жж. Кыргызстан Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча Мамлекеттик комитети, Экологиялык илимий -маалыматтык эсептөө Борбору, Жалал-Абад филиалынын директору;
1996 — 1997-жж. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо Министрлиги, Ош-Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы, жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги;
1997 — 1998 -жж. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо Министрлиги, Жалал-Абад областтык жаратылышты коргоо фондунун директору;
1998 – 1999-жж. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо Министрлиги, курчап турган чөйрөнүн мониторинги башкармалыгынын начальниги;
1999 — 2003-жж. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо Министрлиги, Республикалык жаратылышты коргоо фондунун аткаруучу директору;
2003 – 2006-жж. Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар Министрлиги, Бишкек шаардык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын начальниги;
2006 – 2012 -жж. Эл аралык долбоорлордун (Бүткүл дүйнөлүк Банк, Ага Хан Фонду ж.б.) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча консультанты;
2012 – 2012 -жж. Кыргыз Республикасынын Кумтор долбоору боюнча Парламенттик комиссиясынын экологиялык маселелер боюнча эксперттик тобунун жетекчиси;
2012 – 2013-жж. Кыргыз Республикасынын Кумтөр долбоору боюнча Мамлекеттик комиссиясынын экологиялык маселелер боюнча эксперттик тобунун жетекчиси;
2014 — 2019-жж. «Эко-Мониторинг» Коомдук фондунун эксперт-консультанты;
2013 – 2016-жж. «Эко-Грин» ЖЧК директору; 2016 — 2019-жж. «Айыл жерин биргеликте таза күтөбүз» Долбоор (Нарын областы), Германия эл аралык кызматташтык Борборунун консультанты (GIZ), Бишкек;
2016 – 2020-жж. «Дайдалус» ЖЧК өнүктүрүү боюнча директору;