• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кылмышкердин колунан каза тапкан милиционердин жубайы да көз жумду

14 Үчтүн айы 2018 21:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2018. Govori.TV.

Тоо этегине балдары менен лыжа тепкени барган Бишкек шаарынын Октябрь РИИБИсинин кызматкери Айнагүл Эгембердиева кырсыктан улам көз жумду.Бул тууралуу аталган РИИБнин кызматкерлери билдиришти.

Ал Кой-Таш тараптагы тоодон балон менен түшүп келе жатканда катуу жыгылып, эсин жоготуп, өзүнө келе албай каза болгон.

Белгилей кетсек,  Октябрь РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүн инспектору Айнагүл Эгемебрдиева 2014-жылы кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон милициянын капитаны Бакай Сыдыгалиевдин жубайы. Маркумдун жолдошу милициянын капитаны Бакай Сыдыгалиев 2014-жылдын 14-ноябры түнү абактан качып чыккан кылмышкердин колунан каза тапкан.

Эске салсак, маркудун 2 баласы бар.

Количество просмотров: 5