• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыздын жаралуу доору Манастан башталат. Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплекси

28 Бугу 2018 19:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.05.2018.Govori.TV.

“Манас Ордо” комплекси

Биздин кыргыз жерибиз бардык жактан төп келген абдан кооз жер. Менин сыймыктана турган Кыргызстаным, куттуу мекеним бар. Кыргыз жерим адамдын көз жоосун ала тургандай кооз, кереметтүү, касиеттүү өлкө. Көк мелжиген бийик-бийик асман тиреген тоолору, шаркырап аккан суулары, кызыл-тазыл гүлдөрү, жыттуу арчалары, бийикти мекендеген жапайы жаныбарлары, деги эле койчу, сулуулуктун, байлыктын, касиеттин жана тарыхый мурастардын баары бизде. 
Тарыхый мурастарыбыздын булагы болуп “Манас” эпосу эсептелет. Ал эми бул эпостогу Манас атабыз алыскы Алтайдан Талас жергесине  көчүп келип отурукташканын баарыбыз билебиз. “Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган” урааны азыркы убакытка чейин кыргыздын демине дем берип, күчүнө күч кубат берип келет. Манас атанын руху, духу азыркы убакытка чейин куттуу Кыргызстанымдын башын бириктирип кармап келе жаткандай.
Govori.TV маалымат агенттиги “Укмуштуу Кыргызстан” “Бабалар мурасы”  долбоорун дал ушул Манас атабыз жердеген жерден,  эл оозунда айтылып калган уламыштардан баштады.

Бишкектен Манас Атанын күмбөзүнө чейин 295 км. Бишкектен Таласка сапар алган биздин чыгармачыл топ 5 сааттын ичинде “Манас”  атанын күмбөзүнө келип калдык.

 

Алгач бизди босогодо отурган комплекстин кызматкери жакшы маанайы менен тосуп алып, күмбөзгө зыяратка келген  коноктор туурасында айтып берди. Күмбөзгө кирүү акысы ар бир кишиге 30 сом. Унаа токтотуучу жайга 5 сом.

Күмбөздүн босогосунан өтүп  Манас Атабыз элин-жерин коргоого чыкканда далай жолу колун жууган, жүзүн чайыган Кең-Кол суусунун үстүндө жасалган көпүрдөн өттүк. Көпүрө Кырк-Чоро көпүрөсү деп аталып, кабылан Манас кылкылдаган черүүсүн баштаган Кырк-Чоросунун кырк найзасынын жана калканынын элесинде жазалган.
Алгач Кароол Чокунун башында желбиреген көк желек көзгө учурап, жаңырып жаткан “Манас” эпосундагы үзүндү жан дүйнөгө  башкача духту ойготуп, эпостун каармандары, кырк чоронун кырк жигити бизди тосуп алгандай болду. Мындан сырткары күмбөзгө киргенде эле тазалыгы, аурасы, андагы атмосфераны сөз менен жазуу мүмкүн эмес.
 
Бизди “Манас” эпосу музейинин директору Асан Жунушалиев тосуп алып күмбөзгө зыяратка келген  адамдар алгач эле Манас атанын касиетине таазим этип, табынып, улуу рухтарга багыштап куран түшүрөрүн айтты.

Биздин чыгармачыл топ дагы “Манас” атанын күмбөзүнө барып Манас Атанын касиетине таазим этип, табынып, улуу рухтарга багыштап куран түшүрүп, ичибизден көкүрөктө багып жүргөн асыл мүдөө тилектерди Алла Тааладан кабыл болушун дил уютуп тилек кылдык.
Манастын күмбөз Кыргызстанда эле эмес Орто Азия чөлкөмүндө ошондой эле чыгыш мамлекеттеринде, Европада белгилүү архитектуралык эстелик болуп эсептелинет. Күмбөз боюнча эң алгачкы изилдөө 1898-жылы башталган. Ал эми күмбөз туурасында уламыштарда Манас өлгөндөн кийин  жубайы Каныкей апа аны аземдеп жерге берип анын урматына күмбөз салдырган деп эл оозунда айтылып келет.
Манастын күмбөзү өзүнүн уникалдуулугу, көрктүүлүгү жана  баалуулугу менен башка боордош элдердеги күмбөздөрдөн айрымаланып турат. Тараз шаарындагы Айша-Бибинин жана Бабайша хатундун күмбөздөрү дагы Манастын күмбөзүнүн мотивинде салынган деген окумуштуулардын маалыматы бар. Күмбөз салынып жатканда бир гана Манас атага эмес жалпы боордош калктардан өзүнүн касиети менен айрымаланып турган.
Манас атага арнап куран окулгандан кийин, салынган күмбөздүн боорундагы жазуулар, андагы кооздук өзүнө тартат экен. Манас эпосундагы Каныкей апанын жомогунда “Жетимиш эркеч бир кырып, кыш бышырып бек салдым. Жетикемдин күмбөзү жети кылым тургуча, бузулбасын деп салдым” –деп Манас Атага арнап  эчкилерин сойдуруп, анын жүн кылдарын ылайга жуурутуп, күлботого тебелетип, ийлетип  Бухарадан чыккан атактуу Мамор устачыга кылымдар бою турсун деп ай караган күмбөздү салдырганы жазылат.

Манастын күмбөз 8чи  кылымга таандык. Бийиктиги 11 метр. Күмбөз 1968-жылы реставрацияланып 1970-жылы бүткөн. Себеби, боорундагы таштарды зыяратчылар тумар катары колдонушуп алып кеткендиктен, урап калган.  Ал эми окумуштуу, академик Василий Бартольдун “Орто Азияга жасаган саякаты” деген китебинде Манастын күмбөзүнүн акыбалы, үзүл-кесил гана жазылган бетиндеги арабча жазуулар көрүнүп турганын жазган.

 

Күмбөзгө кышы жайы дебей келген зыяратчыларга  куран окуп кызмат кылган комплекстин кызматкерлери бар.

Манас атанын күмбөзү касиеттүү мазар болуп, кылымдарды карытып келет. Күмбөздүн жанына Манас атанын төлгө ташы, Аккуланын мамысы, Аккуланын акыры бар. Андагы уламыштарда Манас ата сапарга, жоого чыгаар астында ак ташка келип алаканын коюп келе жаткан жоону жеңейин, сапарым байсалдуу болсун деген тилегин айтып жолго чыккан.

Мындан сырткары Семетейдин биричи аялы Чачыкей апанын ташы дагы дал ушул төлгө таштын жанына коюлган.  Ал ташта жылаңайлак баскан баланын  изи түшүп калган. Анда жоого чыккан Семетейди, жоокерлерди эскерип Чачыкей апа ыйлаганда, көз жашынан таш ээрип баланын таманынын изи калган деп уламыштарда айтылат.
Манас атага куран окуп жанына коюлган ачык асман таш эстеликтерине күбө болуп, айтылып келген улмаштарды угуп, эпосто жазылган сапттар менен байланыштырып андан ары Манас атанын музейин көздөй сапар алдык.

“Манас” эпос музейи

Кыргыз Улуттук Манас ордо комплексинин  “Манас” эпос музейинин ичинен Мээрим Ашымова деген баяндамачы кызматкери бизди сылык мамилеси менен тосуп алып, булбулдай болгон үнүн кубулжутуп көркөм сөзү менен бизди 19 кылымдагы кыргыздын дөөлөттүү тарыхын укумдан-тукумга уламалап айтып, ушул мезгилге жеткирген улуу таланттарга,  манасчыларга арналган стенддер менен тааныштырды.
Манасчылардын тарыхы, алардын сүрү, касиети, руху, духу кандайдыр бир эргүү берип атадан балага, муундан-муунга, ооздон-оозго калтырып айтып кеткен эпосттору бүгүнкү күндүн чыныгы эпопеясына айланды.

Бүгүнкү күндө  Манас Ата эпостун гана каарманы эмес, ал чынгы тарыхта болгон адам катары да мүнөздөлөт.

 

 

Кылым карыткан кыргыз элинин түптөлүшүндө өзгөчө орунду ээлеп, ары уламыш, бери тарых болуп айтылып келген эпосубузду изилдеген илимпоздор, археологдор, этнографтар, окумуштуулар котормочулар музейдин биринчи кабатындагы экинчи бөлүмүндө оруна алган.
Мындан сырткары биринчи кабатта “Манас Ордо” комплексинде 1995-жылдын 25-31-августунда өткөрүлгөн “Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекеси, окумуштуулардын изилдеп чыккан Нарын облусунун  Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында  табылган Кырк-Чоронун  күмбөзү, андагы табылган табып туурасында стенддер орун алган.
Эң кызыгы биринчи кабатта жайгашкан  Улуу кыргыз каганатынын картасына күбө болдук. Картадан кыргыздар ээлеген орунду көрүп таңгалбай кое албайсын. Мындан сырткары  б.з.ч. 2-кылымдын ортосунан орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн Улуу жибек жолуна күбө болдук.

 

Андан соң экинчи кабатка көтөрүлдүк. Тепкичтен көтөрүлгөндө эле бизди залкар манасчылар Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев төрдө Манас айтып жаткан образды чагылдырып тосуп алышты.

Музейдин экинчи кабаты көк  түстөгү боектор менен берилиптир, анда философиялык термин Көкө Теңирдин ыйык Ааламдын сырдуу дүйнөсүндөгү жана “Манас” эпосундагы окуялар кеңири чагылдырылганына күбө болдук.  Экинчи кабатта археологиялык-этнографиялык буюмдарды, көркөм сүрөттөрдүн, диорамалардын жардамы менен “Манас” эпосу жана сюжеттик эпизоддор менен тааныштык. Ал эми экспозициянын экинчи бөлүгү кыргыз элинин турмуш-тиричилигинде аңчылык, жоокерчилик, дыйканчылык жана үй-турмушунда колдонулуп келген археологиялык жана этнографиялык буюмдар орун алган.
Музейдин экинчи кабатынын экспозициясы төрт бөлүмдөн турат экен. Манастын төрөлүшү, эрезеге жетиши жана кайра жаралуусу. Бул маалыматтарды  баяндамачы Мээрим Ашымова кубулжуган үнү менен айтып берип бизге тааныштырды.

“Манас” ордо комплекси ыйык саналгандыктан бул жерге үй-бүлөлөр, уюшулган жамаатар келип түлөө өткөрүп турушат. Биз дагы түлөө өткөргөн жерге барсак бизге окшоп эки ашуу ашып курмандык чалып, зыярат кылып, сыйынып жүргөн коноктор бар экен.

Түлөөканада  ар бирине 25 адам бата турган үч бөлмө, 10 адамга ылайыкталган 5 жайкы тапчан, 8 коломто, 4 эт жасоочу жана мал соючу жайы бар. Эң негизгиси түлөөкананын тазалыгы көзгө дароо учурады.
Музейден чыгып “Манас ата гүлбагына” бет алдык. Ал  жер Манас Ата ордосунунун гүлзары орун алган. “Манас Ата” гүлзар багынын чок ортосунан орун алган. Оңдо Бакай менен Кошойдун заңкайган айкелдери. Андан ары тегерете  баатырды курчап биринен бири эр болуп, биринен бири шер болгон Кырк Чоронун айкели курчап турат.
2 жыл мурун Манас эпосунун музейинин алдында уюшутурулган археология-этнографиялык музейи менен тааныштык. Бул музейде Манас эпосунун фонд бөлүмүндө эмгектенген  илимий кызматкелердин жана  жалпы элдер тарабынан чогултулган Таш доорунан, орто кылымга чейинки этнографиялык буюмдар коюлган. Бул атайын кыргыз элине, өсүп келе жаткан келечек муунга ата-бабалар кандай буюмдарды колдонгон, эмне максатта колдонгон, кандай жашоодо жашаган деген максатта археология этнографиялык музейи ачылган.

Манас эпосунун музейинин алдында уюшутурулган археология-этнографиялык музейи  Талас өрөөнүндөгү жогорку окуу жайдын окуучулары менен тыгыз байланыш түзүлүп, аларга сабактар өтүлүп турат.

 

Биз күмбөз менен таанышып андан соң маңдайбызда турган, төбөсүндө көк желегин желбиреткен Кароол Чокуга жөнөдүк. Бул жолу Кароол Чокуга бат эле чыгып бардык.Себеби, зыярат кылып келген кары картаң, жаш дебей жеңил болсун деп тоонун бооруна атайын ак мрамордон жол салыныптыр.
Манас ордо комплексиндеги Кароол чокунун бийиктиги 1428 метрди түзөтЧокунун үстү кичинекей, анда бир боз үйдүн ордуна жетпеген тегиз супача бар. Бетеге, тулаң, көөдө жана башкалар жамынган чоку жаз жана жай мезгилинде көркүнө келет. Эл оозундагы уламышта Манас бул чокуда кароол кармап айлана-чөйрөгө көз салдырган деп айтылып келет. 

Кыргызстан  жөнүндө чет өлкөлүктөр сөз кылганда албетте, биздин уникалдуу жаратылышыбызды, Манас атабызды элестетишет. Бул биздин кереметтүү жерибизди Манас Атабыз жердеп кыргыздын түндүгүн бириктирип бекем сактап калганынан  кабар берет.  Манас ата бирөө үчүн эл оозунда айтылып келе жаткан жомок, уламыш болсо, биз үчүн кыргыздар басып өткөн доордун чыныгы каарманы.  Манас атабыз жөнүндө айтылып келген уламыштар, тарыхта жазылып келе жаткан чыгармалар бизди жөн гана кыргыз эли эмес,  баатырдын урпактары экенибизден кабар берет. Муну менен Манас  эпосу дүйнөлүк рухий маданий казынанын океанынан куюлуп турган деңиз катары бааланып жатканы бекеринен эмес экенине баа бересиң.
Бул материалдар Интерньюс-Кыргызстандын колдоосу менен даярдалды.
Количество просмотров: 1049