• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Милиция наристе сабалган окуяны териштирет. “Манас Ордодо» каржылык мыйзам бузуу аныкталды

28 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

«МАНАС ОРДОДО» КАРЖЫЛЫК МЫЙЗЫМ БУЗУУ АНЫКТАЛДЫ
Башкы прокуратура улуттук “Манас Ордо” комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Буга чейин бул жайда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ички аудиттик текшерүүсү жүргөн. Анын жыйынтыгында 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча ашыкча төлөнүп берилгени аныкталган.
Мындан сырткары тендердик сатып алууда, электр энергиясы үчүн төлөм, комплекстин муктаждыктары үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууда жана президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттар максатсыз пайдаланылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
«Жооптуу адамдар тарабынан жалпы суммасы 20 млн. 659 миң 300 сом акча негизсиз чыгымдалган факты боюнча Талас облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

НАРИСТЕНИН САБАЛЫШЫН МИЛИЦИЯ ТЕРИШТИРЕТ
Ош облустук милициясы Алай районунда үч жашар наристенин сабалышына байланыштуу окуяны териштирүүдө. Милициянын басма сөз кызматы наристе денесинен жараат алып, ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат 27-июнда эртең менен түшкөн. Маалыматка караганда, мартта 22 жаштагы келин жай мезгилинде карап туруу үчүн эжесине баласын таштап кеткен. Бирок ошол бойдон байланышка чыккан эмес. Соцкызматкерлер наристенин колу-буту көгөргөн, башы жарылган жана сыйрылганын көрүшкөн. Аны Сары-Могол айылдык ооруканасына, андан кийин Алай райондук Жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна алып келишкен.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен наристеге зомбулук көрсөткөн жарандарга юридикалык баа берилет. Бүгүнкү күндө бала Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин карамагына алынды.

ӨРТТӨНГӨН ҮЙДӨН ЭРКЕК КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда турак үй күйүп кетти. Кырсыктан бир адам каза болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришет. Маалыматта Коминтерн айылындагу турак үйлөрдүн биринде 27-июнда өрт чыкканы кабарланат. Кырсыктын кесепетинен үй толугу менен күйүп, 1973-жылы туулган А.Н. аттуу жарандын сөөгү табылды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын кошумчалашат мекемеден.

Количество просмотров: 183