Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) иероглифтерди үйрөтүү боюнча жаңы методиканы каттады.
Буга чейин жаш тапкыч команда иероглифтерди үйрөтүү боюнча жаңы эксклюзивдүү ыкманы иштеп чыккан, анын натыйжасында кытай тилин үйрөнүү жаңы визуалдык чечмелөөгө мүмкүндүк алат.
Кыргызпатент тарабынан “Иероглифтер сүрөттөмөлөр түрүндө” аттуу окутуу куралына Күбөлүк берилди, методиканын өзгөчөлүгү -материалдарды сүрөттөмөлөрдө жана визуалдык кабыл алууда турат.
Талгат Молдалиевдин (методиканын автору) айтуусунда бүгүнкү күндө окуу материалдарын берүүнүн салттуу ыкмасы: таптакыр керексиз маалыматты баяндоо, көп убакыт сарптап иероглифтерди жазуу жана милдеттүү түрдө жаттап чыгуу эскирген. “Кытай иероглифтерин оюн түрүндө үйрөтүү жеңил жана жөнөкөй. Иероглифтерди жөнөкөйлөтүп окутууда биринчилерден болгонубузга биз сыймыктанабыз”, — дейт автор.