• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстанда эң аз айлык мугалимдер жана врачтар алат, депутаттардын айлыгы 40 миңден кем эмес

13 Бирдин айы 2018 12:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.02.2018. Govori.TV.
Эң жогорку айлык акы Бишкек менен Нарын облусунда. Бул тууралуу статистика башкармалыгынын реалдуу секторунун башчысы Гүлзейнеп Мурсабекова жыйында билдирди.
Бишкекте эң жогорку айлык 20209 болсо, Нарында 15391, ал эми Жалал-Абадда 14152, деп айтылат маалыматта.
Ал эми, билим берүү министринин айтымында, мугалимдердин орточо айлыгы 13 миң сомду түзөт, деп айтканы менен мугалимдердин айлыгы алардын эмгек стажына жана сабак берген саатына жараша болот. Улуттук статистикалык комитеттин сурамжылоосуна ылайык, агартуу тармагында иштегендер орточо эсеп менен 6-8 миң сом айлык алат.
ӨКМдин куткаруучулары айына 8 миңден 15 миң сомго чейин айлык алат.
Кыргызстанда дарыгерлердин орточо айлыгы 8-10 миң сом. Шаарда иштеген ак халатчандар айылдагыларга караганда бир нече миң сомго көбүрөк алат. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү да ушундай эле акча алат. Жыл сайын дарыгерлер күнүнө карата алардын айлыгына 500 сом кошуп беришет. Жалпысынан алганда өлкөдөгү ар бир дарыгерге 434 бейтап туура келет.
Социалдык кызматкерлер (булар жакындарынан ажыраган же карабай кеткен карыларга көз салып турат. Бирок бул иш менен гана чектелишпейт) айына 7-8 миң сом алышат.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, финансисттердин айлыгы бардыгынан көп, алар орто эсеп менен 32 миң 990 сом алышат. Былтыр алардын маянасы 30 миң 663 сом болчу.
Экинчи орунда маалымат жана байланыш тармагында иштегендер турат. Алар бир айда орто эсеп менен 27 миң 514 сом табышат. Былтыр 16 миң 155 сом болчу.
Алдыңкы үчтүктү жылуулук, газ, буу энергокамсыздоо жаатында иштегендер толуктайт. Алар айына 26 миң 667 сом табат. Былтыр орточо айлык 24 миң 725 сомдон чыкчу.
Министирлердин эң негизги айлыгы 30 минден ашат. Улуттук энергохолдингтин башчысы Айбек Калиев расмий айлыгы 39 миң сом, ТЭЦ жетекчиси 27 миң сомдун тегерегинде айлык акы алат. Буу казандар менен иштегендер зыяндуулук үчүн берилген акчаны кошкондо кеминде 16-17 миң сом алат.
Экономика министри Артем Новиков болсо расмий 30 минден кем эмес алса, катардагы кызматкерлер 12-16 миң алышат.
Ал эми, мамлекеттик кадр кызматы  жарыялаган, Жогорку Кеңештин депутаттарынын декларациясына ылайык, «эң бай» депутаттардын ичине КСДПкачы Дастан Бекешов кирет.
Д.Бекешовдун негизги кызмат ордунан бир жылдын ичинде 1 миллион 124 миң 477 сом иштеп тапкан. Университеттеги кошумча жумушу үчүн 16 миң сом, майыптыгы үчүн алган жөлөк пулу 81 миң сомдон ашат жана 12 миң сомду компенсация катары алган. Батири бар. Жакын туугандары 48 миң сом алышса, салымдардан 1700 доллар табышкан. Негизги жумушунан 7 миң доллар табышкан.
Дагы бир КСДПкачы Анвар Артыков, эл өкүлү болуп кызмат кылганы үчүн 1 миллион 65 миң 324 сом тапкан. 68 жаштагы депутаттын пенсиясы 278 миң сомду түзгөн. Андан сырткары батирге, бир үйгө жана 1998-жылы чыккан Hyundai Sonata менен 2013-жылы өндүрүштөн чыккан Toyota Landcruiser автоунаасына ээлик кылат. Ошондой эле анын жакын тууганы 52 миң сом пенсия алганын жана үйү бар экени декларацияда көрсөтүлгөн.
Количество просмотров: 222