• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Кырк кадам” кытайлар менен башталды

12 Үчтүн айы 2018 10:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.01.2018. Govori.TV.

Ошентип, акыры ырынан чыры көп “Коопсуз шаар” долбоору ишке аша турган болду. Бирок, адаттагыдай эле бул улуттук долбоор да чет элдик инвесторлор тарабынан, тагыраагы Кытайдын Huawei компаниясы тарабынан жолго салынмакчы. Бул боюнча, кечээ Өкмөт үйүндө салтанаттуу азем болуп, эки тарап кол коюшту. Ошону менен жакынкы убакыттан баштап, Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында видео-байкагыч аппараттар коюлуп, жол коопсуздугун 24 саат көзөмөлдөп, эреже бузгандардын видео-сүрөткө алып турмакчы. Бул долбоордун жалпы суммасы 60 млн. Доллар экени да айтылды.

Ошентсе да, Сапар Исаковдун “Кырк кадам” программасынын алгачкы кадамы болгон бул долбоор чындап ишке ашышына коомчулук күмөн санап турган чагы. Анткени, буга чейин “Коопсуз шаар” боюнча  тендер өтүп,  Орусиялык “Стилсофт” компаниясы жеңип алып, бирок, бийлик башындагылар ар кандай себептер менен бул тенддерлерди кайра мыйзамсыз деп токтоткон жайы бар.

Количество просмотров: 5