• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кырсыктан улам оң бутунан ажыраган 1 жаш 8 айлык кыз үйүнө чыгарылды (видео)

12 Жалган куран 2018 11:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.03.18.Govori.TV
Кырсыктан улам оң бутунан ажыраган 1 жаш 8 айлык кыз үйүнө чыгарылды. Бул  туурасында Govori.TV сайтына №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
«Кырсыктан улам оң бутунан ажыраган 1 жаш 8 айлык кызды үйүнө чыгардык.  Азыркы учурда кыздын абалы жакшы» -дейт дарыгер.
Эске салсак, ушул жылдын 9-февралында  Мерседес үлгүсүндөгү унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп,  1 жаш 8 айлык кызы оң бутунан толугу менен ажырап калган.
Кырсык болгон жерден Мерседес үлгүсүндөгү маршруттук унаанын ээси Ж.Р. аттуу жаран кармалын,  2 айга камакка алынып, кылмыш иши козголгон.
Ал эми оң бутунан ажыргана кыз  эки жарым жашка чыккандан кийин гана бутуна протез салынаарын дарыгер Талантбек Өмүрбеков Govori.TV сайтына билдирген болчу.

https://www.facebook.com/LiveTalant/videos/553219375058841/

 

Количество просмотров: 10