• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыш чилдеси. Бишкектин четиндеги айылдарда кантип жылынышат?

25 Үчтүн айы 2018 16:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.01.2018.Govori.TV.

Кыргызстанда суук кычырап, Бишкекте түнкүсүн 15-17 градус төмөн температура катталды. “Буюрса, кыш чилдеси чыгып калды” деп турган эл бул кауу келген суукта кандай жашап жатышат? Govori.TVнын кабарчылары алыс барбай эле, Бишкекке жакын Күнтуу, Чоңжар айылдарындагы жашоочулардан кабар алып келди.

Кызыгы, шаардан болгону 12 чакырым турган  Чоңжар айылынын 200 түтүн жашаган Темирбеков Болоталы көчөсүндө отуз жылдан бери электр мамычалары орнотулуп, чубалгылар тартылбай, эл эптеп,  бакан менен зым тартып жашап жатышыптыр.

Ал эми көп балалуу үй-бүлөө башчысы Алмазбек мырза   болсо канча жылдан бери чечилбей келген бул маселе боюнча бийлик өкүлдөрүнө нааразы экендигин билдирип, Өзү мектепте мугалим болуп иштеген Кубан Шакулов болсо айлыгынын көбүнө эле көмүр сатып алаарын, үйдөгү электр жарыгы кагаз жазганга да жарабай турганын айтып, өкмөткө жазган каттарыбыз жетпей калабы же каралбайбы деп суроо коет.

Ушул айылда өмүр бою күн кечирип келе жаткан Элмира апа  болсо быйылкы кышка деп алты жарым тонна көмүр алганын, көмүрдүн сапатсыздыгынан улам күнү түнү от жагып отурганын айтып, кышкы суукта көмүр-отуну жок электрдин арзыбаган күчүнө жылынып отурган кошуналарын аяп кетти.

Кыштын кыраан суугунда Чүй боорундагы элдин күнү ушундай. Анда сууктун күчү 40 градустан төмөн болуп жаткан Суусумыр, Атбашы, Чаткал райондорунун элдеринин абалы кантти экен? Өкмөт элден кабар алышы абзел.

Количество просмотров: 20