“GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрдү. Окутуу семинарына 7 облустан келген айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева, “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, гендердик маселелер боюнча эксперттер Римма Султанова жана Наргиза Аманбаева, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Ширин Костюк, «Exclusive.kg» интернет басылмасынын башкы редактору Семетей Аманбеков, тренер жана модератор Замира Кожобаева, Media Карьера» ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, кибер коркунучтарга каршы санариптик коопсуздук, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат беришти.
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Кыйын долбооору потенциалын жогорулатууга салым кошуп жаткандыгын белгилеп, төмөндөгулөргө токтолду.
Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. 3 күндүк окутуу иш-чарасына катышкан айымдар өздөрүнүн эмоциялары менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. 12-жолу өтүп жаткан тренингге жалпысынан 200дөн ашуун жакын аял катышты.