• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

GOVORI.TV “Кыйын” долбоорунун алкагында 7 дубандан келген айымдарга тренинг өткөрдү

14 Жетинин айы 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

12-13-14-ноябрь күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көлдөн 17 айым катышты.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилди.

Тренингди мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасынын окутуучусу, филолог, логопед Лилия Кацева, “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, “Аверс” юридикалык компаниясынын жетекчиси Таалайкүл Токтакунова, “Курак” аял ишкерлердин форуму” коомдук фондусунун төрайымы Айжан Чыныбаева, Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева, маркетолог Ормон Амангелдиевдер өткөрдү.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар берилди. Тренинг Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулду.

Количество просмотров: 338