• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Кыйын» долбоору лидер айымдарды чогултту

29 Үчтүн айы 2024 17:54 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында онунчу тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат. Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилди. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Ширин Костюк «Кыйынга» окшогон долбоорлор элеттеги айымдарга өзгөчө шык бере турганын айтты.

Гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова бүгүнкү күнгө чейин «Кыйындын» тренингине катышкан 100дөн ашуун айымдар өз регионунда ийгиликтерди жаратып жатканын баса белгиледи.

3 күндүн жыйынтыгы менен бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, катышуучулар эфирден кийин өздөрүнүн эмоциялары менен бөлүштү.

Кошумчалай кетсек, мындай жөрөлгө айымдардын потенциалын жогорулатуу менен саясий чөйрөгө аралашуусуна жол ачат.

Количество просмотров: 358