• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

«Кыйын» долбоору Талас менен Чүйдүн лидер айымдарын чогултту

23 Үчтүн айы 202611:22 Бишкек Govori.TV

23-24-25-январь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында 15-окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат.

Бул жолу «Кыйын» борбор калаада өтүп Чүй, Талас жана Бишкек шаарынан келген 22 айым катышууда.

Тренингге келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Алардын бири Болотова Анара кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим. Ал 2022-жылы өткөн тренингге жумуштагы жетекчиси уруксат бербей коюп келбей калганын жана абдан өкүнгөнүн айтат. «Кыйынга» катышуу каалоосу күч болгон айымыбыз кайрадан аракет кылып бул жолку тренингге келип отурганын кубануу менен бөлүштү.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, оратордук чеберчилик, медиа менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, блогерлик, текстти туура жазуу жана эл алдында тартынбай сүйлөө жѳнүндѳ маалымат берилет.

Бул жолу тренингди “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин социалдык илимдер факультетинин “Реклама жана коом менен байланыш” кафедрасынын башчысы, “ Медиа Карьера” оратордук өнөр мектебинин негиздөөчүсү, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айнура Кабатай кызы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк, Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери альянсынын координатору Мира Карыбаева, эко-активист, медиа эксперт, тренер Исмаил Карыпов, алып баруучу, блогер Айзада Жамгырчиева жана башка өз тармагындагы адис айымдар өткөрүшүүдө.

Бул жолку тренингдин өзгөчөлүгү долбоордун буга чейинки катышуучуларынын келип, «Кыйын» долбоорунан кийин кандай ийгиликтерге жетишкендиги менен бөлүшкөнү болду.

Алардын катарында «КыргызТехноВумен» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айпери Касымбекова жана Нарын облусундагы дестинациянын өкүлү Гулира Кенжекараева болду.

Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Количество просмотров: 924