• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыйын: Кайра иштетүү – ысырапкорчулуктун алдын алуу

5 Баш оона 202518:01 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу өлкөнүн түндүк аймагынан келген лидер айымдар Ысык-Көлгө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Кайра иштетүү – ысырапкорчулуктун алдын алуу» деген тема талкууланат.

“Кыйындын”катышуучулары:

  • Самара Кушубекова — жеке ишкер, Чүй облусунун Сокулук району;
  • Гүлжанат Раимбекова — жеке ишкер, Талас облусунун Бакай-Ата району;
  • Бурулбүбү Кашкатаева — Аялдар кеңешинин төрайымы, жеке ишкер Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылы.

Талкууда сөз баштаган жеке ишкер Самара Кушубекова кайра иштетүүнүн ысырапкорчулукту азайтууга жардам берерин айтып, ошондой эле кайра иштетүү менен ден соолукка пайдасы көбүрөөк тийген азыктарды даярдаган болоорун белгилейт.

«Биз беш жылдан бери мөмө жемиштерди кайра иштетип келе жатабыз, алар кошулмасыз кум шекерсиз болгондуктан ден соолукка пайдалуу. Алты айдан жогорку бөбөктөрдөн тарта баары, мисалы сахар менен ооругандарга да пайдалуу. Биз кактарды жасоодо мөмө-жемиштерди, жакшылчаларды колдонобуз. Анан өзүңүздөр көрбөдүңүздөрбү былтыр жай айында ушул Ысык-Көлдө аябай көп өрүктөр тебелендиде калды, ооба бул бир эле жылы эмес жыл бою кайталанып келүүчү көйгөйлүү маселе. Анткени ушул маселесе чечилген эмес, сезон массалык түрдө башталганда элибиз эмне кылаарын билбей калат. Көбүбүз кыям жасап көнүп калганбызда, анан кожойкелер ошо варение жасап алганга жетишкени жетишет, жетишпегени жерделе калат. А менин тажрыйбам көрсөттү ушул мөмө жемиштерди өзүбүздүн үй бүлөө үчүн эле кайра иштетип кургатып алсак болот экен. Кургатылган жемишти кайра да иштетсе болот»,-дейт айымыбыз.

Самара айымдын сөзүн колдоого алган Бурулбүбү Кашкатаева ысырапкорчулук бир гана бул жаатта эмес экенин белгилеп, төмөнкүдөй оюн ортого салды.

«Айта турган болсо ысырапкорчулук көп түргө бөлүнүп кетет экен. Мисалы мен айта турчу бул — той-томулуктар. Айтып кете турган болсок аш-тойлор бизде мурда күзүндө берилчү эле, тойду күзүндө беребиз кудай буйруса, күзүндө келин алабыз мына ошондо той болот дечи элек, азыр той каалаган убакта болуп калбадыбы. Кышында деле той беребиз, жазында деле той беребиз, бышыкчылыкка карабайбыз, мына ысырапкерчилик ушул жерден келип чыгат да. Эгер күзүндө биз тойду өткөрө турган болсок мына бул Самара айтып аткан жашылчалары бышып, арзан болмок, текке кетпейт эле. Бышыкчыкка карабай эле кымбат кезинде деле алып, акча коротуп атабыз. Анан дагы айтып кете турган болсок бул жамандыктагы дасторконду толтурганыбыз. Жанындагынын жакын адамы кетип, кайгырып олтурган адам дастроконго көңүл бурабы ошол үйдөгүлөр же болбосо»,-дейт Кашкатаева.

Ал эми Таластан келген жеке ишкер Гүлжанат Райымбекова өзүнүн ысырапкорчулукка каршы кылып жаткан чакан ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

«Мен жеке ишкерлик иш алып барам, биз калктын жанагы утилизацияга кетип жаткан таштанды майларынан самын жазап, кайра өздөрүнө кызмат көрсөтөбүз. Бир тамак бышкандан кийинки эле чогултуп жыйнап койгон эски майын тапшырса эле эки килограмм майга бир килограмм самын жасап беребиз. Бул бартердик кызмат десем болот. Эки жылдан бери ушул ишкердикти аркалап келем тамчылаган эле май болсо самын жасап беребиз. Анан мен ал ишимди кызганып отура бербестен, башкалар да үйрөнүп, жер жерлерге ачылып жана аз камсыз үй-бүлөлөр иш орду менен камсыз болсо дейм. Бир жолу иштетилген май уже зыян болуп калат экен, ден соолукка пайдасы жок. Андан көрө ошондон самын жасап ал эми самын алчу акчага таза май алып ичсин дейм»,-деди ал.

Количество просмотров: 1011