• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыйын: Майыптуулугу бар адамдардын көйгөйү

12 Баш оона 202518:01 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу өлкөнүн түндүк аймагынан келген лидер айымдар Ысык-Көлгө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Майыптуулугу бар адамдардын көйгөйү» деген тема талкууланат.

“Кыйындын”катышуучулары:

  • Урумкан Исиралиева — Оргочор айылдык кеңешинин депутаты  Жети-Өгүз району; 
  • Токтогул Осмокеева — мугалим, инклюзивдик билим берүү боюнча улуттук тренер, Нарын шаары;
  • Тахмина Тюлебаева — Кадрлар боюнча адис, «Кыргыз көзү азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмеси.

Оргочор айылдык кеңешинин депутаты Урумкан Исиралиеванын айтымында майыптуулугу бар адамдардын көйгөйү абдан көп, аларга аз да болсо кол-кабыш кылуу максатында бир катар иштер жасалып келет.

«Бир үй бүлөдө бирден, экиден майыптыгы бар адамдар аталар, энелери, балдары болгон учурлар акыркы мезгилде көбөйүп келатат. Мен ушул соцадис катары эки айыл менен иштешип келе жатам, ушул депутат болгондон бери. Тизме боюнча кадырабыз да анан ошодо бир үй бүлөдө 2,3 майыптыгы бар адам бар экенин көрдүм. Биздин айыл өзү бийик тоолуу аймакка киребиз, анан кыдырсак майыптыгы бар үй бүлөлөрдүн жашоо турмушу, шарты зээнди кейитет да. Мисалы үчүн буту баспаган балдары бар, же болбосо көзү азиз адамдар бар, сахар ооругандар бар да, ошолордун баары эле баягы пенсияны карап отурушат да. Эми айыл өкмөт тарабынан келген жардамдарды алышат. Мамлекет тарабынан келет жардамдар, Бирок жылдан жылга эле ушул кенедей балдар давления менен ооруп келүү да. Чоң адамдар дагы жүрөгү ооруп давления болушат»,-дейт ал.

«Кыргыз көзү азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесинин өкүлү Тахмина Тюлебаева төмөнкүлөргө токтолду:

«Өлкө боюнча эки жүз он жети миң майып бар. Баягы социалдык камсыздоо министрлиги менен биз иштешкенде тыгыз байланышта болуп, биздин кабар алып турушат, биз да маселелер боюнча кайрылып турабыз. Мисалы биринчи топтогу көзү көрбөгөн адам ал иш менен камсыз боло албайт. Ал адамга аны кошо коштоп жүрүүчү адам керек. Бизде ушул жаатта маселелер көп. Ал эми экинчи группадалар мындай жеңил жумуштарда иштесе болот. Ал үчүн бизде атайын иштөө жайы бар».

Ал эми Нарын шаарынан келген инклюзивдик билим берүү боюнча улуттук тренер Токтогул Осмокеева майыптуулугу бар адамдардын көйгөйлөрү бул ар дайым актуалдуу маселе болуп келгенин белгиледи.

«Мен өзүм баягы мугалим тренер болгондуктан ушу майыптуулугу бар адамдар менен эртең күнү ошолор коомчулукка сиңип, коомдо өзүн ыңгайлуу сезип, эртеңки күнү бир жумуш менен өзүн камсыздап кеткенге маалыматтык жактан жардам бергенге аракет кылабыз. Майыптуулугу бар адамдын көйгөйүн чечкенде эки багытта карасак болот материалдык жана өзүн өзү камсыздап кетүүгө билим жагы. Материалдык жактан жардам берүү көйгөйү бат эле чечилет да, бир берип коесуз чечилет, бирок ал туруктуу эмес да. Ошондуктан бүгүнкү күндө бул эмне үчүн актуалдуу деп жатам себеби, майыптуулугу бар адамды төрөлгөндөн баштап чөйрөгө, коомго даярдаш керек, биринчиден. Экинчиден, аны курчап турган чөйрөдө дагы ошо майыптуулугу бар адамды туура кабыл алганга адамдардын аң-сезимин өзгөртүш керек болот. Бул өтө чоң өтө көйгөйлүү маселе деп эсептесек болот»,-дейт ал.

Количество просмотров: 1099