• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

3 Баш оона 202310:43 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ушул мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту менен аталган жагдай (соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда) реабилитациялоочу жагдайлардын тизмесине киргизилди.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 3,4-пункттары менен КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги айырмачылыктарды жоюуга багытталган айрым орфографиялык түзөтүүлөр киргизилет.

Количество просмотров: 90