• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Кымыз сатып алганы баргам». Депутат Бакиров Көлбаев менен жолукпаганын айтты

28 Бештин айы 2022 16:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын тараткан маалымат тууралуу түшундүрмө берип, ал Камчы Көлбаев менен Ысык-Көлдө жолукпаганын, жада калса аны көрбөгөнүн айтты.

Анын айтымында 25-декабрда Ысык-Көлдө жардамчысы менен жүргөн.

«Ал туура эмес маалымат. Жардамчым өзү Көлдөн болот. Экөөбүз ал күнү «Барс» эс алуу борборуна барып, ал жерден кымыз сатып алып, котедждерди көрүп, жаңы жылдан кийин келип эс алууга болобу ошолорду алдын ала билейин деп баргам. Мен негизи эле ал жерге жылына бир-эки жолу барчумун. Менден башка деле белгилүү адамдар барат. Эми ошол видеону чыгарып Камчы Көлбаев менен жолукканы барды деген сөз болуп жатат. Бирок, ал жерден мен Көлбаевди көргөн жокмун, жолуккан жокмун. Эми дем алыш күндөрү менин жеке жашоом», — деди ал.

Буга чейин депутат Бакиров УКМКга сурак берип чыкканын айткан. Андан соң атайы кызмат маалымат таратып, депутат Бакиров “криминалдык авторитет” атыккан Камчы Көлбаевге байланыштуу сурак бергенин, ал менен Көлбаевдин байланышы аныкталганын билдирген.

Количество просмотров: 1084