• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

УКМК: Депутат Бакировдун Камчы Көлбаев менен жолукканы аныкталды (видео)

28 Бештин айы 2022 14:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) менен жолугушканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 25-декабрында Бакировдун атайын Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушуу үчүн келгендиги аныкталган, бул боюнча далилдүү фактылар бар.

«Белгилей кетсек, кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде эл депутаттарына кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 18873