Кыргыз аскерлеринин Жааматтык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга учуп жаткан видеосу жарыяланды.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскер жөнөтүү чечимин кабыл алды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев белгилегендей, Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин, 8 бронетехника жана 11 аскердик унаа жөнөтөт. Кыргыз аскерлери кайсы обьектилерди кайтара турганы жана кайсы аймакта кызмат өтөй турганы тууралуу азырынча маалымат жок.
6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган.