• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз бийлиги кытайлык кыргыздарга жардам бере алабы?

30 Жетинин айы 2018 15:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.11.2018. Govori.TV
Бишкекте кытайдагы кыргыздардын азыркы абалы боюнча коомдук талкуу өтүп, иш-чарага Кытайда камакка алынган кыргыздардын жакындары катышты. Анда Шинжандагы кырдаал, кытайлык кыргыздардын учурдагы абалы жана кыргыз коомчулугу кандай аракет көрүшү мүмкүн деген суроолордун тегерегинде талкуу болду.
Буга чейин Шинжандагы «кайра тарбиялоо лагерлеринде» 50 миңдей кыргыз кармалып жатканы айтылган. Алардын арасында профессор Мамбеттурду Мамбетакун, академик Аскар Жунус, редактор Кабылкан Садыктар да бар экени жазылган.Кытайда жакындары камакка алынгандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган.
Кыргыз элинин терең ишенимине ээ болуп турган ак-адилеттүү өлкө башчысы катары Сизге кайрылып турабыз, ушул маселеге көңүл буруп, Кытайда жазыксыз камалган кыргыздарды камактан бошотууга аракет кылууңузду суранабыз. Албетте, биздин беш миң жылдык шаңдуу тарыхы бар, адамзат тарыхындагы унутулгус тапкырлыктарды жана өлбөс улуу маданияттарды жараткан, Кыргызстандын кара санашпаган коңшусу, эң жакын жана ишенимдүү өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасынын бийлигинин ички саясатын жамандап, кийлигишели деген оюбуз жок. Бирок Кыргыз Мамлекети кытайлык кыргыздардын коопсуздугун талап кылууга жана эмне себептен камалып жатышканын билүүгө укуктуу. Кытайдагы кыргыздардын эмне болуп жатканы бизге белгисиз.
Кытайдан келген кыргыздардын жакындарын белгисиз себеп менен кармап кетип, арадан канча убакыт өтсө дагы дайынын билбей байланыша албай жүрүшөт. Мындан улам мамлекеттен жардам сурап бир нече ирет кайрылган. Тилекке каршы ушул убакка чейин көңүл бөлүнбөй келгенин айтышты.
Казак мамлекетиндеги кытайлык казактар Кытай бийлигинин “саясий кайра тарбиялоо лагерине” байланыштуу казак президенти Нурсултан Назарбаевден, “Нур Отан” партиясынан, Казакстан ТИМинен жардам сурашкан. Буга байланыштуу казак бийлиги Кытай мамлекетине нота жиберген. Ушундай эле кадамга кыргыз бийлиги эмне себептен бара албай жатканына өлкө жарандары нааразы.
Бул жыйынга акыйкатчы  Токон Мамытов Кытайдагы кыргыздардын абалын талкуулаган жыйынга катышып, маселени жеринен иликтеп келиш үчүн Кытайга барып келүүга аракет кылууга убада берди.
Кытайдагы кыргыздардын азыркы абалы боюнча коомдук талкууга келген белгилүү инсандар да бийлик тарабынан көңүл бурулат деп үмүт кылышат.

Количество просмотров: 32