Бүгүн, 9-декабрда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Гуманитардык жана коомдук илимдер» кафедрасы “Уңгу жол: улуттук өзөгүбүз” жана «Манас» эпосу» аттуу үчүн конференциясын өткөрдү.
Иш-чаранын максаты техникалык багыттагы билимге басым кылган бул университте студенттердин гуманитардык жактан билимин арттырып, улуттук идеологияны бекемдөө болуп саналат. Аталган жыйынга окумуштуу, илимпоздор чакырылган. Алар студенттерге уңгу жол жана кыргыз таануу багытындагы маанилүү изилдөөлөрүн айтып беришти.
Өзүбүздүн улутка кызмат кылуу негизги маселе экенин белгилеген тарыхчы, КР УИАсынын А.Алтымышбаев атындагы Философия институтунун илимий кызматкери Баяс Турал кыргыздын уңгу жолу бузулуп, унутта калуу коркунучу жаралган мезгилди белгилеп өттү.