Кыргызстандын футбол союзунун президенти Канатбек Маматов ээлеген кызматынан кетти. Маалыматты ал өзү ЖМКлардын бирине тастыктаган.
Маалыматка караганда ал алдыда өтчү парламенттик шайлоого катышат.
«Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышам деп турам. Федерацияда аткарыла турган иштер көп. Менин отставкам 11-октябрда боло турган аткаруу комитетинин жыйынында каралат», — деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, Маматов 2016-2019-жылдары өлкөнүн Футбол федерациясынын вице-президенти болгон. 2019-жылдын 9-февралында ал Футбол уюмунун президенттигине шайланган.