• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси иштен кетти

18 Баш оона 2023 11:32 Бишкек Govori.TV

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков кызматынан кетти. Ал өз арызынын негизинде иштен бошогонун Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал өзү кызматта турган учурда аткарылган жумуштарга токтолгон.

«Бул кызматта турган учурум дүйнөлүк экономиканын өзгөрүшүнө, баалардын кескин көтөрүлүшүнө туш келди. Ошондуктан бир топ жаңы ыкма менен иштөөгө туура келди. Эң негизгиси — ички базарда тартыштыка жол берген жокпуз, кырдаалды эске алуу менен жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык. «Баа түзүү жөнүндө» мыйзамга президент кол койду. 2023-жылдын 18-июлунан тарта күчүнө кирди. Жетекчи болгон эки жылда бюджетке 500 миллионго жакын акча чегерилди. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоодо жаңы ыкмаларды колдонууга байланыштуу мыйзамдар өзгөрдү, аймактарда да ишти күчөттүк», — деп жазды Тайлаков.

Кошумчалай кетсек, Тайлаков бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган.

Количество просмотров: 123