Бүгүн, 10-июнда Бишкекте футбол боюнча CAFA NATIONS CUP-2023 беттешинде Кыргызстандын футбол курамасы Ооганстандын 1:0 эсебинде жеңди.
Оюндун кошумча мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Эрнис Батырканов эсепти ачты.
Д. Өмүрзаков атындагы стадионго ак шумкарларды сегиз миңдей күйөрман колдоп келди.
Белгилүү болгондой, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.
«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтө турган болгон.