• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Кыргыз-грузин кызматташтыгы: 11 документке кол коюлду

12 Кулжа 202611:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Иракли Кобахидзенин жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

Алардын мазмуну төмөндөгүдөй:

  1. Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Иракли Кобахидзе Биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.
  2. Кыргызстан менен Грузиянын жетекчилеринин биргелешкен билдирүүсү.
  3. Авиация тармагындагы кызматташтык боюнча меморандум.
  4. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандум.
  5. Ветеринария жана мал чарбачылыгы боюнча кызматташтык меморандуму.
  6. Тышкы иштер министрликтеринин 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасы.
  7. Радиациялык коргоо жана ядролук коопсуздук боюнча кызматташтык меморандуму.
  8. Билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча меморандум.
  9. Товарлар жана транспорт каражаттары боюнча алдын ала маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу.
  10. Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык меморандуму.
  11. Укуктук чөйрөдөгү кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Белгилей кетсек, Грузиянын премьер-министри күн мурун Кыргызстанга келген. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алган. Бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары.

Количество просмотров: 15